Марал Радиосу

Жапаров Нуржигит Кадырбековду Маданият министри кылып дайындады

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта «Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду», — деп айтылат.

«Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды», — деп түшүндүргөн өкмөттүн маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков буга чейин аталган министрликте орун басарлык кызматты аркалап келген. Ал парламенттик шайлоого «Ыйман Нуру» партиясын жетектеп барган.