Элнура Мамбетжунушева өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу, алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды.
Башка буйрук менен Алтынбек Торутаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.