Марал Радиосу

УКМК дүрбөлөңгө түшпөөгө, ушактарга ишенбөөгө чакырат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети чагымчыл чакырыктар боюнча билдирүү жасады:

Учурда социалдык тармактарда Бишкек шаарына жана жалпы өлкөгө башаламандык жаратуу тууралуу ар кандай чакырыктар жайылтылууда. Буга байланыштуу, УКМК дүрбөлөңгө түшпөөгө жана өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон ар кандай ушактарга ишенбөөгө чакырат.

ИИМ: 346 кылмыш менен жорук катталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык күч жана укук коргоо органдары менен биргеликте чагымчыл аракеттерди басуу жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү ресурс бар экенин эскертет.