Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 50 миңден ашты

Кыргызстанда 14-октябрга карата коронавирустун 330 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаарында көп катталды.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 50 миң 201 адамга жетти. Айыгып чыккандардын саны 44 миң 884 адамга жетти. Илдеттен 1 миң 94 адам каза болду.