Марал Радиосу

Мирзиёев Эмомали Рахмонду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмондун кайрадан шайланышы менен Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко куттукташты.

Тажикстанда 11-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Эмомали Рахмон 90,92% добуш менен жеңип чыкканы кабарланды. Маалым болгондой, 4 млн 946 миң 289 шайлоочунун 4 млн 221 миң 76сы (85,39 %) шайлоого катышып, анын 3 млн 837 миңи азыркы өлкө башчысына добуш берген.

Тажикстан: Эмомали Рахмон 90% добуш менен жеңип чыкты