Марал Радиосу

«Спутник» агенттигине коркутуу болду

«Спутник» маалымат агенттиги белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болгонун кабарлады. Анда, 30дай адам редакциянын имаратына келип, Өкмөт үйүнүн алдында болуп жаткан Садыр Жапаровду колдоо акциясын чагылдыруу үчүн кабарчы жиберүүсүн талап кылышкан. Жарым сааттын ичинде кабарчы жөнөтпөсө, редакцияга кайтып келишерин айтып, кетип калышкан.

Социалдык тармактарда «Азаттык» радиосуна жана бир катар маалымат каражаттарына да коркутуулар болгону айтылып жатат.

«Азаттыкка» байланышканыбызда, радионунун имаратына эч ким келбегенин, редакцияны ыктыярчылардан турган элдик кошуун кайтарып, бирок социалдык тармактар аркылуу ар кандай коркутуулар болуп жатканын билдирди.