Марал Радиосу

«Борбор Азиядагы билим берүү кризиси узак мөөнөттүү терс кесепеттерге алып келет»

Пандемиядан улам Борбор Азиядагы билим берүү тармагына келтирилген зыян келечекте экономикалык жоготууларга айланып кетиши мүмкүн, ал болжол менен 44 миллиард долларга бааланат. Бул тууралуу Дүйнөлүк Банк жарыялаган «Европа жана Борбор Азия боюнча экономикалык көрүнүш: COVID-19 жана Адам капиталы» баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, пандемиядан улам мектептердин жабылышы окуучулардын толук билим алуусуна терс таасир тийгизет. Бул өз кезегинде социалдык теңсиздикти күчөтүшү мүмкүн. Анткени негизги таасир калктын жакыр катмарына тиет. Мисалы, Борбор Азияда эң бай жана жакыр үй-бүлөлөрдүн студенттеринин окуу сабаттуулугунун айырмасы 8-30%га жогорулашы мүмкүн.

Калкынын жарымынан көбү жаштар болгон Борбор Азиянын демографиялык курамын эске алганда, учурдагы билим берүү кризиси узак мөөнөттүү терс кесепеттерге алып келет.

«Борбордук Азия өлкөлөрү бардык студенттер үчүн сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана жаш муун өзүнүн потенциалын ишке ашырышы үчүн окуудагы жоготууларды компенсациялоого көбүрөөк көңүл бурушу керек», — деди Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук.