Марал Радиосу

Митинг учурунда каза болгон Үмүтбектин сөөгү бүгүн жерге берилет

5-октябрь түнү башаламандык учурунда каза болгон 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбектин сөөгү бүгүн кичи мекенинде жерге берилет. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакта жазды.

Маалыматка ылайык, маркум Алтынбек уулу Үмүтбек Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну. Ал үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон.

Маалым болгондой, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы, 19 жаштагы жигит катуу жараат алып, ооруканада көз жумганын билдирген. Ал жарылуучу заттан буту жанчылып калганы айтылууда.

19 жаштагы Ырыскелди жарылган гранатадан колу жок калды