Марал Радиосу

COVID-19: 3 бейтап каза болуп, 298 жаңы учур катталды

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду. Алардын экөө — Ош облусунан, бирөө — Бишкек шаарынан.

Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 1069га жетти.

7-октябрга карата COVID-19 илдетинин 298 жаңы учуру катталды:

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 48 миң 97ге жетти.

Ооруканаларда 1325 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1450 бейтап бар.