Марал Радиосу

Жанар Акаев: Оппозициялык блок түзөбүз

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган эсеби боюнча, «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өткөн.

Ал эми оппозициялык маанайдагы «Ата Мекен» партиясы автоматтык электрондук урналардын берген маалыматы боюнча, шайлоочулардын 4% добушун алган.

Партиянын талапкерлери Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Тилек Токтогазиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

Талапкерлердин айтымында, бул жолку шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолуп, административдик ресурстар мурдагыга караганда жапырт колдонулуп, добуш сатып алуу массалык түрдө жүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтат:

— Муну шайлоо деп айтканга ооз барбайт, жайлоо болду. Тарыхтагы эң ыплас шайлоо болду бир участокктон 1635 шайлоочунун 1600ү бир партияга салганын көргөн эмесмин. 2007-жылы дагы мындай шайлоо болгон эмес, андагы шайлоо бүгүнкүгө караганда мыйзамдуу, таза болгон, — деди Момбеков.

Анын пикирин колдоп, партиялашы Жанар Акаев да шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, бирок партия күрөшүн улантарын билдирди.

Бул шайлоону күмөндүү өткөн шайлоо деп айтам. Ошол эле убакта «Ата Мекен» партиясы күрөшүн улантат. Азыр чоң бир оппозициялык блок түзгөнгө даярданып жатабыз. Анткени, мындай ыплас шайлоону биз тарыхта көргөн эмеспиз, — дейт депутат.

Акаев ошону менен бирге «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларын кландашкан, коррупциялык схемалардын авторлору бириккен партиялар катары сыпаттады.

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, бийликчил аталган 3 партия эң жогорку добуш менен алдыңкы орундарды алган.