Марал Радиосу

Иркутск: «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

Орусиянын Иркутск аймагында добуш берүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөр тарады.

Тартылып алынган сүрөткө ылайык, Иркутскидеги шайлоого жалпы 211 адам шайлоого катышкан. Анын ичинен «Бүтүн Кыргызстан» — 127, «Мекенчил» — 27, «Ыйман Нуру» — 15, «Ата Мекен» — 14 добуш алган. Калган партиялар 3 добуштан кем алган же такыр алган эмес.

Буга чейин Орусиянын Красноярск, Владивосток жана Түштүк-Сахалин аймагында да шайлоо жыйынтыкталганын жазганбыз. Анын жыйынтыктарын төмөнкү шилтемеден көрүп алсаңыздар болот:

Красноярскидеги шайлоонун жыйынтыгы: ким алдыда? (фото)