Марал Радиосу

Владивосток: «Бүтүн Кыргызстан» менен «Мекенчил» алдыда (фото)

Орусиянын Владивосток шаарындагы добуш берүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөр тарады.

Тартып алынган сүрөткө ылайык, Владивостокто жалпы 164 адам шайлоого катышкан. Анын ичинен «Бүтүн Кыргызстан» — 95, «Мекенчил» — 18, «Ыйман Нуру» — 15, «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» — 6, «Бир Бол» — 5, «Ата-Мекен» — 4 добуш алган. Калган партиялар 4 добуштан кем алган же такыр алган эмес. Ал эми «Баарына каршы» пунктун 4 адам тандаган.

Буга чейин Орусиянын Түштүк-Сахалин  аймагында да шайлоо жыйынтыкталганын жазганбыз. Анын жыйынтыктарын төмөнкү шилтемеден көрүп алсаңыздар болот:

Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды: «Бүтүн Кыргызстан» эң көп добуш алды