Марал Радиосу

Түшкө чейин шайлоочулардын 17 пайызы добуш берди

4-октябрь түшкү саат 12:00гө карата жалпы 624 миң 500дөн ашык жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 17%ын түзөт. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында кабарлады.

Анын ичинде:

Чет өлкөдөгү шайлоо участкалардын алгачкылары түнкү саат 3:00дө ачылса, акыркы 8 участок Европада ачылды. АКШда, Лондондо да ачылат.

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 277 эл аралык байкоочу келди. Анын 234ү чет өлкөдөн келди, калганы Бишкекте катталган эл аралык уюмдун өкүлчүлүктөрү.