Марал Радиосу

Баткенде 215 шайлоо участкасы, 284 265 шайлоочу бар

Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, облус башчысы Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы №8074-шайлоо участкасында добуш берди.

Пандемияга байланыштуу шайлоо участкаларында жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.

Бул күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган.

Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 284 265 шайлоочу бар.