Марал Радиосу

Кулатов айылына башка аймактын шайлоочуларын ташыгандар болууда (видео)

Ноокат районунун Кулатов айылындагы шайлоо участогуна башка аймактан шайлоочуларды ташып келүү иштери байкалган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Нургазы Жамалдинов «Маралга» билдирди.

Жамалдиновдун айтымында, №5439 участокто 500дөй адам Форма-2 менен каттоого турган. Кулатов айылынын маданият үйүндө жайгашкан шайлоо участогуна бүгүн эртең менен эле башка аймактан топ-топ болгон шайлоочулар келген. Анын жеке байкоосунда, келген адамдар Кызыл-Кыя шаарында жашаган өзбек улутундагы шайлоочулар болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 16 партия катышууда. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участогу уюштурулган. Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин уланат. Ал эми чет өлкөдөгү шайлоо участокторунун иштөө сааты жергиликтүү убакытка карап белгиленет.