Марал Радиосу

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557 миң 856 адам шайлоого катышпайт

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557 миң 856 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн маалымат жыйында кабарлады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере ала турган жарандардын саны 3 млн 523 миң 554ттү түзөт.

Быйыл 1-августка карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 586,6 миңге жеткен. Анын ичинен 18 жана жана андан улуу курактагы паспорту бар жарандардын саны 4 млн 81,4 миң адамды түзөт.

Форма-2 боюнча бир канча жолу арыз тапшыргандар тизмеден чыгарылды