Марал Радиосу

COVID-19: Индияда вирустан каза болгондор 99 миңден ашты

Индияда акыркы бир суткада 81 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бир суткада 1,09 миллион адамдан анализ алынган.

Пандемия башталгандан бери Индияда 6 миллион 39 миңден ашык адамга COVID-19 вирусу жуккан. Анын ичинен 5 миллион  35миңден ашык адам ооруканадан чыгарылса, 99 миңден ашык бейтап каза болду.

Азыркы учурда 942 миңден ашык адам медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.