Индияда акыркы бир суткада 81 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бир суткада 1,09 миллион адамдан анализ алынган.
Пандемия башталгандан бери Индияда 6 миллион 39 миңден ашык адамга COVID-19 вирусу жуккан. Анын ичинен 5 миллион 35миңден ашык адам ооруканадан чыгарылса, 99 миңден ашык бейтап каза болду.
Азыркы учурда 942 миңден ашык адам медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.