Марал Радиосу

Эң көбү Баткенде. Бир суткада коронавирус менен 172 жаран катталды

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан Ош облусунда бир жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

1-октябрга карата коронавирустун 172 жаңы учур катталды. Анын эң көбү Баткен облусунда аныкталды.

Вирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 841ди түзөт.

Учурда 2338 бейтап дарыланууда. Алардын 871и ооруканаларда, калганы үй шартындагы дарыланууда.

Коронавирустан айыкандар 42 миң 983 киши, каза болгондор 1 миң 65 адам.