Марал Радиосу

Бишкекте Гапар Айтиевдин эстелигине чийип кетишти

Бишкекте кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин аты жазылган мемориалдык тактага белгисиз бирөөлөр чийип кетишти. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Pavla Pavla жарыялады.

Гапар Айтиев — алгачкы кыргыз сүрөтчүсү болуп саналат. Анын ысымы Бишкектеги көркөм-сүрөт музейине коюлган. Сүрөтчүнүн өмүр таржымалы тууралуу Көчкөнбай Сактановдун «Маркумдар үнү» китебинде баяндалган.

Кыргыздын интеллигенттерин баяндаган «Маркумдар үнү» китеби