Марал Радиосу

Коронавирус менен 127 адам катталды, 101 адам сакайды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун жаңы 127 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт. Алар:

Жалпы өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 45 миң 757ге жетти.

24-сентябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1063 адамды түздү.

Ооруканаларда 591 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1651 бейтап бар.

Республикалык штаб: Той өткөргөндөргө көзөмөл күчөтүлөт

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 101 адам сакайды. Алар:

Учурда коронавирус жана пневмониядан айыккандардын жалпы саны 42 005ти түзүүдө.

24-сентябрга карата коронавирус менен катталгандардын алтоо — медициналык кызматкер. Алар: Бишкек шаарында — 2, Ош шаарында — 3, Ош облусу боюнча — 1 учур.

Ошол эле акыркы суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининдеги 17 медкызматкер да сакайды. 

COVID-19 вирусу 3214 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2896сы айыгып чыкты.