Марал Радиосу

Аравандагы мушташтан кийин 12 адам ооруканага түштү

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан учурда чагымчыл топ чатак чыгарган.

«Мекеним Кыргызстандын» талапкери өткөрүп жаткан жыйында мушташ чыкты (видео)

Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 20-сентябрь күнү кечки саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Аталган факты каттоого алынып, алгачкы текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталган.

Ал жерде 100 чакты адам шайлоого карата үгүт иштерине чогулушкан. Саясий партиянын талапкери Илхом Маннановдун катышуусундагы чогулушка келгендердин арасында уруш чыккан.

Натыйжада Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына 1 жаран ар кандай жарааттар менен кайрылган.

Андан сырткары 5 унаа каражаты талкаланган. Араван РИИБинде бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Учурда мушташка катышкан 10 жаран кармалып сурак берүүдө. Калган 12 жаран ооруканада жаткандыктан, жакынкы убакта алар да суракка алынат.

Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата мыйзамдын негизинде чара көрүлөт.

«Биримдик» партиясы бул окуя боюнча Фейсбукка билдирүү таратып, чагымчылдарга сөзсүз чара көрүлүшүн талап кылышты.