Марал Радиосу

Бишкекте эки күндө 900гө жакын жол эрежесин бузуу катталды

18-19-сентябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкекте 871 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 104 унаа токтотулган.

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.