Марал Радиосу

Кыргызстан шайлоо өткөрүү үчүн Түркиядан 100 миң доллар жардам сурады

Түркия Кыргызстандын шайлоо өткөрүү боюнча техникалык колдоо көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырып, 100 миң долларлык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан тарап буга чейин шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтөт.

Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги да 21 күч кызматкерин шайлоодогу коопсуздук чараларын сактоо боюнча окутуудан өткөргөн. Мындан сырткары Түркия Кыргызстанда 4-октябрда өтө турчу шайлоого байкоочуларын да жиберет.