Жарандардын шайлоо тууралуу көз караштары «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан сурамжыланып, фонд шайлоочулардын добуш берүүсүнө эмне түрткү болорун аныктады.
Сурамжылоого катышкандардын:
31% — программанын мазмунуна карайт;
24% — билбейм/ жооп берүүдөн кыйналып турам деп айтышкан;
23% — талапкерлердин тизмеси;
19% — партиянын/депутаттын репутациясы;
12% — пандемия учурундагы гуманитардык жардам;
10% — шайлоого чейинки социалдык жардам;
6% — жакын чөйрөнүн пикири;
5% — лидерлердин пикири;
3% — үгүт иш-чараларына карата добуш берерин айткан.
Сурамжылоого 18 жаштан өйдө курактагы 1202 киши катышты. Ал 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин жүргүзүлдү.