Марал Радиосу

Гүлжигит Алыкуловдун трансфери 550 миң еврого бааланды

Дүйнөлүк футболчулардын трансфердик баасын аныктаган Transfermarkt уюму кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкуловду 550 миң еврого баалады.

Бул маалымат аталган уюмдун Инстаграмдагы баракчасына жарыяланды.

Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу. Ал 2019-жылы “мыкты футболчу” наамын алган.


Гүлжигит Алыкулов Борбор Азиядагы мыкты жаш футболчулардын тизмесине кирди


Учурда Казакстандын «Кайрат» клубунда ойнойт. Ал — Европа лигасында гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу. Ага чейин Беларусиянын “Неман” клубунда да ойногон.

2020-жылдын март айында Азия футбол конфедерациясы (АФК) Борбор Азиядагы келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты жаш футболчулардын тизмесин жарыялаган. Ага Гүлжигит Алыкулов да кирген.