Марал Радиосу

Apple кандагы кычкылтекти өлчөгөн «акылдуу сааттарды» чыгарды

Apple компаниясы кандагы кычкылтекти өлчөгөн «акылдуу сааттарды» чыгарды. Бул тууралуу ВВС орус кызматы жазды.

Apple салтка айланып калгандай, күз мезгилинде жаңы гаджеттери менен тааныштырды. Бул жылы компания iPhone телефонунун жаңы моделин көрсөткөн жок. Бирок кандагы кычкылтектин көлөмүн өлчөй алган «акылдуу сааттардын» жаңы модели сатыкка чыгарын билдирди.

Быйыл Apple компаниясы коронавирус пандемиясына байланыштуу iPhone 12 телефонун чыгарууну токтотуп турууну чечкен.

Анын ордуна жаңы Apple Watch Series 6 сааты сатыкка чыгат.

Коронавирус жуктурган адамдардын ден соолугунун кескин начарлап кетишине кээде өпкөсү жабыркап, анын кесепетинен организмдеги кычкылтектин төмөндөп кетиши себеп болууда. Apple компаниясы жаңы саат дем алуудагы көйгөйлөрдү оорунун алгачкы баскычында аныктоого жардам бериши мүмкүн экенин билдирди. Бирок бул жаңы технологияны медициналык багытта пайдаланууга болбой турганы эскертилди.

Ошондой эле компания фитнес менен машыккандар үчүн акылуу Fitness+ сервисин иштеп чыкты. Ал биометрикалык маалыматтарды жана машыгуу көнүгүүлөрүн сыналгыда же чоң дисплейде көрсөтүүгө жардам берет.

Ошондой эле жаңы процессор орнотулган iPad Air көрсөтүлдү.


Apple Сингапурда биринчи суу астына дүкөн ачат (сүрөт)