Марал Радиосу

71 жаштагы Ёсихидэ Суга Япониянын жаңы премьер-министри болду

Japan's newly-elected Prime Minister Yoshihide Suga stands as he was chosen as new prime minister at the Lower House of Parliament in Tokyo, Japan September 16, 2020. REUTERS/Kim Kyung-Hoon

Япониянын жаңы премьер-министри болуп Ёсихидэ Суга дайындалды. Анын талапкерлигин төмөнкү палатанын көпчүлүк депутаты колдогон. Добуш берүү жалпы элге түз эфир аркылуу көрсөтүлүп турду.

71 жаштагы Ёсихидэ Суга башкаруучу Либерал-демократиялык партиясынан сунушталган. Ал 2012-жылдан бери мурдагы өкмөт башчы Синдзо Абэнин тушундагы өкмөттө министрлер кабинетинин башкы катчысы кызматын аркалаган. Партиянын мыйзамына ылайык, Суга 2021-жылдын октябрына чейин, тагыраагы, отставкага кеткен Абэнин ыйгарым укук мөөнөтү аяктаганга чейин өкмөт башчылык кызматты аркалайт. Андан соң кайра 3 жылдык толук мөөнөткө шайлоо өткөрүлөт.

Суга жакынкы сааттарда өкмөттүн жаңы курамын жарыялайт. Жаңы курам деп аталганы менен Абэнин тушундагы министрлердин көпчүлүгү ордунда калары айтылууда.

Мурдагы премьер-министр Синдзо Абэ августтун аягында өнөкөт оорусу өрчүп кеткенине байланыштуу отставкага кеткен

Япониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэ өнөкөт оорусу өрчүп кеткенине байланыштуу 28-августта отставкага тапшырган. Ал Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган өкмөт башчы катары белгилүү.