Япониянын жаңы премьер-министри болуп Ёсихидэ Суга дайындалды. Анын талапкерлигин төмөнкү палатанын көпчүлүк депутаты колдогон. Добуш берүү жалпы элге түз эфир аркылуу көрсөтүлүп турду.
71 жаштагы Ёсихидэ Суга башкаруучу Либерал-демократиялык партиясынан сунушталган. Ал 2012-жылдан бери мурдагы өкмөт башчы Синдзо Абэнин тушундагы өкмөттө министрлер кабинетинин башкы катчысы кызматын аркалаган. Партиянын мыйзамына ылайык, Суга 2021-жылдын октябрына чейин, тагыраагы, отставкага кеткен Абэнин ыйгарым укук мөөнөтү аяктаганга чейин өкмөт башчылык кызматты аркалайт. Андан соң кайра 3 жылдык толук мөөнөткө шайлоо өткөрүлөт.
Суга жакынкы сааттарда өкмөттүн жаңы курамын жарыялайт. Жаңы курам деп аталганы менен Абэнин тушундагы министрлердин көпчүлүгү ордунда калары айтылууда.
Мурдагы премьер-министр Синдзо Абэ августтун аягында өнөкөт оорусу өрчүп кеткенине байланыштуу отставкага кеткен
Япониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэ өнөкөт оорусу өрчүп кеткенине байланыштуу 28-августта отставкага тапшырган. Ал Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган өкмөт башчы катары белгилүү.