Марал Радиосу

Кыргызстан-Кувейт аба каттамдары калыбына келтирилди

Бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосунда аба каттамдары жандандырылды.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, бүгүнтөн тарта Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясы «Бишкек — Эль-Кувейт» багыты боюнча каттай баштады.

Бул каттам жумасына бир жолу — бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.

Uzbekistan Airways Бишкек менен каттамдарын жандантат