Марал Радиосу

Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен 9-сентябрда Москвада жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандандыруу, Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кирүүсүнө уруксат берүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча, Орусиядагы окуу жайларда окуган кыргыз студенттеринин аталган өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Чыңгыз Айдарбеков мындан тышкары, пандемия маалында Орусиянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Орусияга Кыргызстандан кимдер кете алат?