Кыргызстанда быйыл 8 айда 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кабарлады.
Анын натыйжасында 1200 жумуш орду түзүлдү, облустар боюнча алып караганда:
- Баткен облусу боюнча сегиз айда 3 ишкана пайдаланууга берилди, 42 иш орду түзүлгөн.
- Жалал-Абад облусу боюнча жети айда 10 кайра иштетүүчү ишкана түзүлүп, 143 жумуш орду түзүлгөн.
- Ош облусу боюнча 5 ишкана пайдаланууга берилип, 85 иш орду түзүлгөн.
- Талас облусу боюнча 3 ишкана пайдаланууга берилди, 100 жумуш орду түзүлгөн.
- Ысык-Көл облусу боюнча 7 ишкана ишке берилди, 135 жумуш орду түзүлгөн.
- Нарын облусу боюнча 5 ишкана ишке берилди, 93 иш орду түзүлгөн.
- Чүй облусу боюнча 6 ишкана ишке берилип, 550 жумуш орду түзүлгөн.
- Ош шаары боюнча 1 ишкана ишке берилди, 60 жумуш оруну пайда болду.
Кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишканаларды региондук адистештирүүнү эске алуу менен жүргүзүлөт.