Комуз жумалыгы: залкар комузчулар эскерилди

Кыргызстанда жарыяланган Комуз жумалыгынын алкагында залкар комузчулар эскерилип, айкелдерине гүл чамбар коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Гүл чамбар Бишкек шаарында Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында Карамолдо Орозовдун айкелдерине коюлду. Ага СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өнөр адамдары жана жаңы … Читать далее Комуз жумалыгы: залкар комузчулар эскерилди