8-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7 градус жылуу болуп, чыгыш тарабында 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 17…22 нөлдөн жогору;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +24…+25 градус болот.