Кыргызгидромет борбору 8-сентябрдан 12-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
8-9-сентябрь күндөрү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
11-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
8-12-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
8-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт.
9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.
10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз жана 11-сентябрда Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
8-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз тоолуу райондордо тоолуу райондордо жаан жаайт.
9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
10-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы мүмкүн.
11-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
11-сентябрда күндүз жана 12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
8-9-сентябрларда жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
10-сентябрда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
11-12-сентябрларда жаан-чачын болбойт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
8-9-сентябрь күндөрү, 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
10-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
11-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт, күндүз жана 12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.