Марал Радиосу

«Караван» соода борборунун ижарачылары митингге чыгышты

Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары нааразылык митингине чыгышты. Алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду онлайн-аукцион аркылуу ижарага алган соода жайларын сатыкка коерун, андан улам ижара акысы кымбаттай турганын айтышууда.

«Каравандын» ижарачылары март айында Бизнес-акыйкатчыга Мүлк фондунун иш-аракеттери жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Анда  айтылгандай, келишимдеринин мөөнөтүн узартуу же жаңы мөөнөткө ижара келишимдерин түзүү боюнча бир нече жолу өтүнүшкөн. Бирок 2019-жылдан бери соода борбордогу жайларын кагаз жүзүндө ижара келишимисиз колдонуп келишкен.

Ижарачылар акысын төлөп жатышса да, Мүлк фонду соода борбордун имаратын электрондук аукционго киргизгени кабарланган.

Бизнес акыйкатчы 29-май күнү Мүлк фондуна жогоруда айтылган мыйзам бузууларды четтетүү сунушун берген.

Бирок фонд ижарачылардан ижарага алынган жайларын 15-августка чейин бошотууну талап кылган.