Марал Радиосу

Ош облусунда стационарлар толугу менен жабылды

Ош облусунда күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүзгү стационарларда дарыланып жаткан акыркы 13 бейтап айыгып чыкты.

-Ош олусу боюнча жалпы 6 миң орун даярдалып, анын 2400ү стационардык мекемелерде жайгашкан. Калган 3600 орун 188 имаратта уюштурулган күндүзгү стационарлар болчу. 29-август күнү акыркы 13 бейтап сакайып чыгып, толугу менен жабылды, — деп билдирди Саламатык сактоо министрлиги.

Бүгүнкү күндө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 43 712ге жетсе, анын 7498и Ош облусунда катталган.