Марал Радиосу

Төрөбаев: 2020-жылы келген депутаттар реформа жасай албайт

2020-жылы Жогорку Кеңешке келген депутаттар реформа жасай албайт. Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев «Маралга» берген маегинде айтты.

-Жаңы келе турган депутаттар радикалдуу өзгөртүүлөрдү кыла албайт. 6-чакырылыштагыдай эле парламент болот. Жаштарга басым жасалып жатканы менен алар дароо иштеп кетпейт. Тажрыйба топтоп, кийинки чакырылышта өзгөртүү киргизиши мүмкүн, -деди Төрөбаев.

Эл өкүлү шайлоого аттанган жаштар тууралуу да сөз кылып, аларга кеңешин айтты.

-Ар кандай талаптарды коюп, кыйкырып жатышат. Анын ордуна эл аралап, жарандар менен иштешкиле, сүйлөшкүлө.

Эскерте кетсек, 2020-жылы парламенттик шайлоого катышууга 16 партия БШКга документ тапшырган.