Быйылкы өтө турган парламенттик шайлоодо «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын кадрлары талашка түштү. Бул тууралуу партия лидери, депутат Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.
-Биздин партиядан башкага өткөн саясатчыларга эч кандай таарынычым жок. Баарына ийгилик каалайм. «Өнүгүү-Прогресстин» балдарын бардык партиялар талашты. Алардын саясаттагы жолун табышына түрткү бердик, — деди Төрөбаев.
Эскерте кетсек, Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» партиясы быйылкы парламенттик шайлоого катышпай турганын жарыя кылган болчу. 4-октябрга белгиленген шайлоого катыша турган 16 партиянын документи БШКга тапшырылган.