Марал Радиосу

Ырчы Гүлмайрам Момушовага «КРнын эл артисти» наамы ыйгарылды

Ырчы, аткаруучу Гүлмайрам Момушовага «КРнын эл артисти» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча жарлыгында айтылат.

Белгилей кетсек, Гүлмайрам Момушова буга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган болчу. Ал “Балама”, “Койчунун ыры”, “Күн чыгышым”, “Ак куулар сени сагынаар” өңдүү обондуу ырлары аркылуу кыргыз элине таанылган. Анын чыгармачылыгынын гүлдөп турган убагы 1960-1980 жылдарга туш келет.

Гүлмайрам Момушева: “Учурда батирде жашайм”