Марал Радиосу

Сот БШКнын «Кыргызстан» партиясы тууралуу чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаардык админстративдик соту “Кыргызстан” партиясынын ишин карап, БШКнын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу партиянын атынан талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов айтты.

Эскерте кетсек, 25-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тарткан. Буга документтер БШКга партиянын атайын ыйгарым укуктуу өкүлү жок келгени себеп болгон.