Марал Радиосу

БШК «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетти

“Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына берген документтери кайра кайтарылып бериле турган болду. Мындай чечимди БШК 25-августтагы жыйынында кабыл алды. Жыйынга комиссиянын 9 мүчөсү катышып, сунушту 8и колдоду. Буга документтердин партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коштоосусуз келгени себеп болду.

Эскерте кетсек, БШКнын жумушчу тобу “Кыргызстан” партиясынын документтери ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан алынып келинбегенин айтып, партиянын документтерин кайтарып берүүнү сунуш кылган болчу. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Абелдиева ден соолугуна байланыштуу келе албай калганын айтып түшүндүргөн.

«Кыргызстан» партиясы тиешелүү документтерин БШКга 25-август күнү саат 18:00дөн кийин алып келгени айтылган. Ошол себептүү башка партия өкүлдөрүнөн «Кыргызстан» мыйзам бузганы, бул үчүн атайын баа берилиши керектигин талап кылышкан. Бирок партия лидери Канатбек Исаев баары мыйзам чегинде болгонун, документтер атайын өкүл тарабынан БШКга жеткирилгенин белгиледи.