Марал Радиосу

Кыргызстанда жөлөкпулдун жаңы түрү киргизилди

Кыргызстанда жөлөкпулдун жаңы түрү киргизилди, ал атасы менен апасы белгисиз болгон балдарга ай сайын төлөнөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда ата-апасы белгисиз болгон 42 бала бар.

«Жөлөкпул арыз түшкөн айдын кийинки айынан тарта бериле баштайт. Эгер арыз август айында түшсө, жөлөкпул 1-сентябрдан тарта бериле баштайт», — деди ал.

Министрдин айтымында, быйыл ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 336 миң сом талап кылынат (ар бир балага 2 миң сомдон).

«Жылына ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 1 млн сомго жакын каражат керектелет», — деди ал.