Марал Радиосу

Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты мамлекеттердин рейтингине быйыл да кирген жок

Жыл сайын US News & World Report басылмасы дүйнөдөгү эң мыкты мамлекеттердин рейтингин жарыялап турат. Азербайжан, Орусия жана Казакстандан айырмаланып, Кыргызстан дагы бир жолу бул тизмеге киргизилген жок.

Алардын маалыматы боюнча, 2020-жылы Швейцария эң мыкты өлкө болду, ал эми Канада, Япония, Германия жана Австралия мыкты 5 өлкөнүн катарына киришти.

Рейтингдеги өлкөлөр төмөнкү критерийлер менен бааланды:

Эскерте кетсек, быйыл Азербайжан рейтингде 70-орундан 61-орунга көтөрүлүп, Казакстанды (66-орунду) ашып өттү. Рейтингде Орусия 23-орунду ээледи. Бардык көрсөткүчтөр менен бирге Орусиядагы бизнес үчүн ачыктык пайызы эң төмөн болду.