19-августта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү мөөнөтү бүттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 20-августка чейин 22 саясий партия курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти.
Шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен 11 партия шайлоого катышпай турганын Боршайкомго оозеки, ал эми 8 партия жазуу түрүндө маалымдаган.
Шайлоого катышуудан баш тарткан партиялар тизмеси
«Кыргызстан патриоттору» жана «Билим Илим ордосу» партиялары эч кандай маалымат берген эмес.
Талапкерлердин алдын ала тизмесин жарыялаган партиялар:
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Үгүттөө иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.