Марал Радиосу

Бишкекте коомдук транспорттор дем алыш күндөрү да иштеп баштайт

Бишкекте карантиндик чектөөлөр жеңилдетилип, 20-августтан тарта коомдук транспорттордун иш убактысы узартылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Эми коомдук транспорттор (автобус, троллейбус, маршруткалар) дем алыш күндөрү жана майрам күндөрү да ишин жандантат.

Бирок чектелүү иш сааты сакталуу бойдон калмакчы: эрте менен 7:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин 14:00дөн кечки 23:00гө чейин жүрөт.

Саат 11ден 14:00гө чейинки аралыкта коомдук транспортторду дезинфекциялап, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.