Бүгүн, 17-августта, COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген дарыгерлердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Борбор калаа жана региондордон келген медицина тармагында эмгектенген кызматкерлердин тобу 7 күн бою Ысык-Көлдөгү «Алтын Жай» пансионатында эс алып, ден соолуктарын калыбына келтирип кайтышмакчы.
Бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн реабилитациялоо жана ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын алкагында өтүп жатат.
15-августта ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 200 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн. Булардан сырткары, акыркы 3 жуманын ичинде жалпысынан 450дөн ашуун медицина кызматкери “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында эс алышкан.