Марал Радиосу

Байыш Юсупов Ош облусуна жетекчи болуп дайындалды

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Юсупов эмгек жамаатына расмий түрдө бүгүн, 17-августта тааныштырылат.

Ал буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ушул жылдын 10-августунан баштап облустун мурдагы башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу аткарып жаткан.

Ал эми мурдагы жетекчи Узарбек Жылкыбаев 8-августта өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Анын «Республика» партиясы менен  парламенттик шайлоого катыша турганы белгилүү болгон.

Юсупов 1957-жылы 5-январда Кара-Суу шаарында туулган. 1979-жылы Россиядагы Ивановск текстиль институтун инженер-технолог кесиби боюнча аяктаган. 2002-жылы Ош технологиялык университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит бөлүмүн бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты. Милициянын майору. 2001-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Иниси Сейитбек Акматов Ош айыл чарба институтунун ректору. Карындашы Санта Акматова бала бакчанын жетекчиси, 2008-2012-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты жана вице-спикери болгон.

Эмгек жолу:

— 1979-1988-жылдары Октябрдын 50 жылдыгы атындагы Ош текстиль комбинатында мастер, улук мастер, цехтин жетекчиси, өндүрүштүн башчысы;

— 1988-1989-жылдары Ош облустук элдик көзөмөл комитетинин инспектору;

— 1989-1993-жылдары Кара-Суу шаарындагы пахта заводунун директору;

— 1993-2009-жылдары Кара-Суу шарындагы «Ак-Алтын» акционердик коомунун башкаруучуларынын төрагасы;

— 2009-2012-жылдары Кара-Суу районунун акими;

— 2013-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары.