Марал Радиосу

17-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 17-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында 17-августта жаан жаабайт.

Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.