Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 16-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;
Таласта түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28.
Бишкек шаарында 16-августта жаан жаабайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36 градус болот.